Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Москвада Навальныйдын тарапташтары соттолду


28-январдагы акция.
28-январдагы акция.

Москванын Симонов соту оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын басма сөз катчысы Руслан Шаведдиновду сегиз күнгө, "Ютубдагы" "Навальный Live" каналынын алып баруучусу Кира Ярмышты беш күнгө камоо тууралуу чечим чыгарды. Алар "шайлоону бойкот кылуу акциясын чагылдырып, митинг өткөрүүнүн тартибин бузган" деп айыпталууда. Адвокат Вячеслав Гимади Шаведдинов акцияны уюштуруу иштерине катышпай, митингден түз алып көрсөтпөсө да камалганын айтып чыкты.

Шаведдинов жана Кира Ярмыш 30-январда Шереметьево аэропортунан кармалышкан. Алар 28-январда түз көрсөтүүнү үзгүлтүккө учуратпаш үчүн башка өлкөдө туруп Орусиянын бир катар шаарларында өткөн “Шайлоочулар көтөрүлүшү” деген акцияны чагылдырышкан.

Акциядан кийин Навальный баш болгон 350дөй катышуучу кармалып, кайра бошотулган.

XS
SM
MD
LG