Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

Сурамжылоо: Жарандардын 74% Кыргызстан дүйнөбий болушун каалайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандыктардын көпчүлүгү өлкө дүйнөбий (светтик) багытта өнүгүшү керек деп эсептейт. Диний кырдаалды изилдөөгө алган социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгы ушундай экенин “Азаттык” радиосуна Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын адиси Артур Букалаев билдирди. Анын айтымында, сурамжылоодо “Сиз мамлекет менен диндин ортосундагы мамилени кандай көрөсүз?” деген суроо коюлган:

- Ага жооп бергендердин 74% "Кыргызстан дүйнөбий мамлекет болушу керек" деген. Дээрлик 14% “ислам мамлекетте маанилүү роль ойношу зарыл” десе, 12% “ислам мамлекеттик дин болуп кабыл алынышы керек” деген оюн билдиришти.

Респонденттердин 98,4% динге ишенерин, 0,7% эч бир динди карманбай турганын айтышкан. Дээрлик 93% ислам динине ишенерин, 5% православ христианы экенин, ал эми калгандары христиан дининин түрдүү багыттарынын өкүлү экенин билдиришкен.

Сурамжылоо 2016-жылы БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен жүргүзүлгөн. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан 1200 адам (жарымы аялдар, жарымы эркек жарандар) суралган.

БУУ диний экстремизм менен терроризмдин алдын алуу максатында 2017-2020-жылдарга атайын программаны ишке ашырыш үчүн 108 миллион доллар бөлгөн. Бул каражаттын 5 миллиону Кыргызстанга тийди. Программа алкагында өлкөдө кыз-келиндер арасындагы экстремизмди жоюу, натыйжалуу жана акыйкат башкарууну бекемдөө, абактарда экстремизмдин жайылышына бөгөт коюу багытындагы үч долбоор ишке ашырылат.

Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, Сирия менен Ирактагы террорчу согушкерлердин катарына кошулуп кеткен кыргыз жарандары беш жыл ичинде 800дөн ашкан, алардын 200гө жакыны аялдар. Адистер экстремизмдин жайылышына адамдардын диний сабатынын начардыгы себеп болууда деген пикирде. (RK)

XS
SM
MD
LG