Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:03

Жээнбеков расмий иш сапары менен Тажикстанга барды


Сооронбай Жээнбековду премьер-министр Кохир Расулзаде тосуп алды. 1-февраль, 2018-жыл.
Сооронбай Жээнбековду премьер-министр Кохир Расулзаде тосуп алды. 1-февраль, 2018-жыл.

Тажикстанга расмий иш сапары менен барган Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду 1-февралда премьер-министр Кохир Расулзаде Дүйшөмбү аэропортунан тосуп алды.

Аба майданына ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илингенин кыргыз мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Андан соң Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен чакан чөйрөдө жолугушту. Жолугушуунун жыйынтыгында эки мамлекеттин башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышмакчы.

Эки күндүк иш сапарынын алкагында Жээнбеков өкмөт башчы, парламент төрагасы менен да кезигип, сүйлөшөт. Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат.

XS
SM
MD
LG