Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында азербайжан элинин белгилүү композитору, коомдук ишмер Кара Караевдин 100 жылдыгына арналган концерт өтөт.
8-февралга белгиленген иш-чараны Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Азербайжан элчилиги менен бирге уюштурууда. Концертке жергиликтүү жана азербайжандык өнөрпоздор катышат.
Академик Кара Абулфаз оглу Караев 1918-жылдын 5-февралында төрөлгөн. СССРдин эл артисти, Социалдык эмгектин баатыры жана башка бир канча сыйлыктардын ээси. 1982-жылы көз жумган.