Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

Кыргызстан менен Тажикстан чек араны делимитациялоо иштерин илгерилетет


Сооронбай Жээнбековду премьер-министр Кохир Расулзаде тосуп алды. 1-февраль, 2018-жыл.
Сооронбай Жээнбековду премьер-министр Кохир Расулзаде тосуп алды. 1-февраль, 2018-жыл.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон чек араны делимитациялоо боюнча түзүлгөн кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясына ишти илгерилетүү боюнча тапшырма беришти.

Бул тууралуу кыргыз президентинин Тажикстандагы расмий сапарынын убагында эки өлкөнүн мамлекет башчылары айтышты.

- Эки өлкөнүн чек арасын юридикалык жактан каттоо биздин мамлекеттердин арасында өтө актуалдуу маселелердин бири. Биз чек аранын калган тактала элек бөлүктөрүнүн үстүндө иш алып барууга даярдыгыбызды билдиребиз, - деди тажик президенти Эмомали Рахмон.

Өз кезегинде президент Сооронбай Жээнбеков чек араны делимитациялоо иштеринде сүйлөшүүлөр токтобой уланышы керек экенин кошумчалады. Ошондой эле Рахмонду расмий иш сапары менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырымдан ашат. Анын 55 пайызга жакыны али такталбастан шарттуу чек ара сызыгы боюнча турат.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына расмий иш сапары менен барды. Бул сапар тажик президентинин чакыруусу менен өтүүдө. Эртең Жээнбеков Тажикстандын премьер-министри жана парламент төрагасы менен жолугушуу өткөрөт. (SDz)

XS
SM
MD
LG