Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

Искандаров: кыргыз-тажик чек арасы боюнча жыйын өтөт


Кыргыз-өзбек чек арасы. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.
Кыргыз-өзбек чек арасы. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түзүлгөн өкмөт аралык комиссия жакын арада Тажикстанда жыйын өткөрөт. Бул тууралуу чек ара маселелери боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров “Азаттыкка” билдирди. Ал сүйлөшүүдө негизги тоскоолдуктар чек арадагы эл жайгашкан түз жерлерде болуп жатканын белгилеп, муну жер алмашуу жолу менен чечсе боло турганын кошумчалады.

- Биз Баткен районунан беш-алты тилкени алмашуунун жолун Тажикстанга сунуш кылганбыз. Ал жерлерде шахмат иретинде эки өлкөнүн үйлөрү жайгашып калган. Эми биздин сунушка тажик тарап жооп бериши керек. Ушундай жол менен чек араны түздөп кетебиз деген ойлорубуз бар, - деди ал.

Искандаров Баткен районундагы Көк-Таш айылы менен чектеш Тажикстандын Ходжала айылында абал өтө татаалдашып кеткенине токтолду. Ал эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо иштери качан аяктай турганын эч ким айта албасын, маселе эки өлкөнүн макулдугуна көз каранды экенин белгиледи.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун Тажикстандагы расмий иш сапарынын учурунда эки өлкөнүн президенттери чек аранын чечилишине кызыкчылыгы бар экенин билдирип, өкмөт аралык комиссияга чек араны делимитациялоо иштерин күчөтүү боюнча тапшырмаларды беришти. (SDz)

XS
SM
MD
LG