Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Жумакадыровдун өлүмүнө байланыштуу соттун өкүмү чыгат


Темир Жумакадыровдун жол кырсыгына кабылган автоунаасы. 7-октябрь, 2017-жыл.
Темир Жумакадыровдун жол кырсыгына кабылган автоунаасы. 7-октябрь, 2017-жыл.

Бүгүн Чүй облусунун Москва райондук соту мурдагы вице-премьер-министр Темир Жумакадыров, анын жардамчысы жана айдоочусу каза тапкан жол кырсыгына байланышкан ишти кароону улантат. Бул тууралуу Жогорку соттун өкүлдөрү кабарлашты. Бул күнү өкүм чыгышы ыктымал.

30-январдагы соттук териштирүүдө прокурор Жумакадыров түшкөн автоунаа менен кагышкан жүк ташуучу машиненин айдоочусу Афтандил Таалайбек уулунун күнөөсү далилденгенин айтып, аны он бир жыл жатак абакка кесүүнү сураган. Ал эми айыпталуучунун адвокаты ага шарттуу жаза берүүнү өтүнгөн.

Ага чейин жол кырсыгынан мамлекетке 2 миллион 127 миң сом зыян келтирилгени айтылып, бирок айыпталуучу аны төлөй албай турганын билдирген.

Былтыр 7-октябрда Бишкек-Чалдыбар жолунда "Тойота-Лэнд Крузер" автоунаасы буудай тартып келаткан "КамАЗ" автомашинасы менен кагылышып, натыйжада 38 жаштагы Темир Жумакадыров, жардамчысы - 30 жаштагы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу - 33 жаштагы Нурбек Муканов каза тапкан.

ИИМ жол кырсыгына "КамАЗдын" айдоочусун күнөөлөп, кылмыш ишин козгогон. Ал тергөө абагына камалган. Жумакадыров президенттик шайлоого Талас облусунун даярдыгын текшерүү үчүн бараткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG