Дагестанда Сирияга кеткен махачкалалык тургундун атасы Казим Нурмагомедов камалды. Анын уулу Марат 2013-жылы Сирияга кетип, “Ислам мамлекети” террордук уюмуна берилгендигин билдирип ант берген.
Атасы баласын кайтарып алыш үчүн Жакынкы Чыгышка бир нече жолу барган. Буга чейин Нурмагамедовдун дагы бир баласы терроризм боюнча айыпталып камалган. Ал атасына “ИМ” көзөмөлдөгөн аймакка кирип-чыгуусуна көмөктөшкөн жана агасына акча которуп турган.