Линктер

жума, 22-июнь, 2018 Бишкек убактысы 10:04

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын иши боюнча Бишкек шаардык сотунда соттук жыйын уланууда. Отурумда Салянованын адвокаты Чынара Жакупбекова жарыш сөзүн сүйлөп жатат.

Сөзүнүн башында адвокат проектор коюп, слайд көрсөткөнү жаткан. Соттук коллегия проектор коюуга уруксат жоктугун айтып, жабдууну кайра жыйнаттырып салды.

Адвокаты Чынара Жакупбекова ден соолугуна байланыштуу отурумга келе албагандыктан буга чейин Саляновага мамлекеттик жактоочу берилген эле. 1-февралдагы отурумда мамлекеттик жактоочу Саня Ахмаметова 12 томдук иш менен таанышып чыгууга судьядан убакыт сураган. Бирок судья Ирина Воронцова аны канааттандырган эмес. Буга Аида Салянова да нааразылык билдирип, 12 томду бир күндө окуп чыгуу мүмкүн эмес экенин айтып, сотко ишенбестик көрсөттү.

Аида Саляновага кылмыш иши былтыр жазында ачылган. Ал 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталууда.

Ишти Бишкектин Ленин райондук соту карап, 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Мурдагы башкы прокурор өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, муну “саясий буюртма” деп баалаган жана райондук соттун чечимине каршы доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG