Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Кадамжайда Шамбесай кенин иштетүүгө каршы митинг өтүп жатат


Кадамжайда митингге чогулгандар. 2-февраль, 2018-жыл.
Кадамжайда митингге чогулгандар. 2-февраль, 2018-жыл.

Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн Шамбесай айылында кенди иштетүүгө каршы митинг болуп жатат. Бул тууралуу окуя болгон жерден “Азаттыктын” кабарчысы Медербек Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, нааразылык акциясына болжол менен миңге жакын киши катышууда. Алар Шамбесай алтын кенин жабууну жана анда иш алып барып жаткан компаниялардын аймактан чыгып кетишин талап кылышууда. Чогулгандар ошондой эле кенди иштетүү экологияга зыян экенин, кенден мамлекет да, эл да пайда көрбөй турганын айтып жатышат. Жергиликтүүлөр кытай компаниясына нааразы пикирлер жазылган плакаттарды кармап турушат.

Митингге Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков, УКМКнын жана милициянын аймактык жетекчилери, кызматкерлери да катышып жатат.

Ал эми жолугушууга келген “Тианди” Кытай компаниясынын өкүлдөрү Шамбесай кенин цианид колдонбой жаңы технология менен иштетишерин айтты.

Жергиликтүү бийлик буга чейин 2-февралда Шамбесай кени боюнча жыйын өтөрүн, анда кенди иштетүүчү компания менен жергиликтүү тургундар жолугуп, иштөө тартиби жөнүндө элге маалымат берилерин айткан.

Шамбесай кенинде болжол менен сегиз тоннага жакын алтын бар. Кенди чалгындоо 2007-жылы башталып, 2012-жылы аны казууга лицензия берилген. Ошондон бери кендин кожоюндары бир канча жолу алмашкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG