Бишкек шаарында сууктан тоңуп өлгөндөрдүн саны 19 адамга жетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Анда айтылгандай, 1-январдан 26-январга чейин он беш киши суукка тоңуп каза болгону аныкталган. Андан бери дагы суукка тоңгон төрт адамдын сөөгү табылган. Милиция билдиргендей, алардын баары үй-жайсыз адамдар.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы алдын алуу иштерин жүргүзүп, анда 239 селсаяк аныкталып, 22си үй-жайы жоктор үчүн "Коломто" борборуна жайгаштырылган.
Бишкек шаарынын мэриясы шаарда суук күчөгөнүнө байланыштуу бардык райондордо үй-жайсыз адамдарга убактылуу башкалка берүүчү түйүндөр ачылганын билдирген.
Буга чейин Бишкекте сууктун күчү күндүз -19 градуска, түнкүсүн - 25-30 градуска чейин төмөндөгөн. (ErN)