2017-жылы Кыргызстандын чек ара тилкесин бузган 218 адам кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.
Эреже бузгандардын 68и башка бирөөнүн паспорту менен кармалса, тогузу жасалма паспорт менен кармалган. Дагы 28 киши документтеринин бир бөлүгүн бурмалаганы аныкталып, беш киши документи жок бараткан жерден колго түшкөн. Калгандары өткөрмө бекеттен башка жайдан өткөндөр жана чек арада коюлган эрежелерди бузгандар.
Кармалган жарандардын баары УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
Чек ара кызматы өлкөгө кирген жана чыккан учурда башка бирөөнүн паспортун же жасалма документти колдонгондор кылмыш жоопкерчилине тартыларын эскертет. Бул боюнча айыпталгандар беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. (ErN)