Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:30

Жумакадыровдун өлүмү боюнча айыпталган айдоочу 10 жылга кесилди


Темир Жумакадыровдун жол кырсыгына кабылган автоунаасы. 7-октябрь, 2017-жыл.
Темир Жумакадыровдун жол кырсыгына кабылган автоунаасы. 7-октябрь, 2017-жыл.

Чүй облусунун Москва райондук соту мурдагы вице-премьер-министр Темир Жумакадыров, анын жардамчысы жана айдоочусу каза тапкан жол кырсыгына байланыштуу ишти карап, "КамАЗ" автоунаасынын айдоочусу Афтандил Таалайбек уулун 10 жылга эркинен ажыратты. Өкүмдү сот Нурлан Аджибеков окуду:

- Афтандил Таалайбек уулу Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, ушул эле берененин күчү менен тогуз жылга эркинен ажыратылсын. Ушул эле мыйзамдын 176-беренесинин 2-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, дагы эки жылга эркинен ажыратылсын. Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин негизинде, кылмыштардын жыйындысы боюнча белгиленген жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен биротоло 10 жылга эркинен ажыратылсын. Жазаны өтөө жатак абагына белгиленсин. Соттолуучуга коюлган бөгөт коюу чарасы мурдагы бойдон камакта калтырылсын.

Сот ошондой эле Афтандил Таалайбек уулуна үч жылга чейин автотранспорт айдоого тыюу салып, президенттик аппараттын жана өкмөттүн транспорт башкармалыгына 2 млн. 95 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

30-январдагы соттук териштирүүдө прокурор Темир Жумакадыров түшкөн автоунаа менен кагышкан жүк ташуучу машиненин айдоочусу Афтандил Таалайбек уулунун күнөөсү далилденгенин айтып, аны он бир жылга жатак абакка кесүүнү сураган. Ал эми айыпталуучунун адвокаты ага шарттуу жаза берүүнү өтүнгөн.

Ага чейин жол кырсыгынан мамлекетке 2 миллион 127 миң сом зыян келтирилгени айтылып, бирок айыпталуучу аны төлөй албай турганын билдирген.

Былтыр 7-октябрда Бишкек-Чалдыбар жолунда "Тойота-Лэнд Крузер" автоунаасы буудай тартып келаткан "КамАЗ" менен кагылышып, натыйжада 38 жаштагы Темир Жумакадыров, жардамчысы - 30 жаштагы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу - 33 жаштагы Нурбек Муканов каза тапкан.

ИИМ жол кырсыгына "КамАЗдын" айдоочусун күнөөлөп, кылмыш ишин козгогон. Ал тергөө абагына камалган. Жумакадыров президенттик шайлоого Талас облусунун даярдыгын текшериш үчүн бараткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG