Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:52

Адахан Мадумаров: Шамбесай кенин иштетүүгө каршы туруш керек


Адахан Мадумаров митингчилер менен жолугушуу учурунда.
Адахан Мадумаров митингчилер менен жолугушуу учурунда.

Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүндө өтүп жаткан митингге катышкан коомдук ишмер Адахан Мадумаров элди Шамбесай кенин иштетүүгө каршы турууга үндөдү. Бул тууралуу окуя болгон жерден “Азаттыктын” кабарчысы Медербек Ниязалиев билдирди.

Мадумаров өз сөзүндө буга чейинки алтын кендерин иштеткен Кытай компаниялары Кыргызстанга пайда алып келбегенин, ошондуктан аларга ишенбеш керек экенин айтты:

- "Биз мындай кылып, тигиндей кылып иштете коебуз" деген жомокторду мен көп уктум. Биздин Майдан айыл аймагына 40 млн. сом, Кыргызстанга 160 млн. сом берет имиш. "Ушул жерде жети тонна алтын бар" деп жатышат. Бирөө айтат, "15 тонна алтын бар" деп. Бирок мен буга ишенбейм. Советтер Союзунун учурунда ушул эле жерде мындан эки-үч эсе көп алтын бар экенин изилдеп, аныкташкан, -деди Мадумаров.

Бүгүн эртең менен миңге жакын киши нааразылык акциясына чыккан. Алар Шамбесай алтын кенин жабууну жана анда иш алып барып жаткан компаниялардын аймактан чыгып кетишин талап кылышууда. Чогулгандар ошондой эле кенди иштетүү экологияга зыян экенин, кенден мамлекет да, эл да пайда көрбөй турганын айтышты.

Митингге Мадумаровдон башка да бир нече активист катышты. Түштөн кийин чогулгандар тарап кетишти.

Ал эми Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков Шамбесайда митинг эмес, кенди иштеткен “Тианди” Кытай компаниясы менен элдин жолугушуусу болгонун айтууда.

Шамбесай кенинде сегиз тоннадан он тоннага чейин алтын бар экени айтылып жүрөт. Кенди чалгындоо 2007-жылы башталып, 2012-жылы аны казууга лицензия берилген. Ошондон бери кендин кожоюндары бир канча жолу алмашкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG