Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:57

Аббас БУУнун Коопсуздук кеңешинде Иерусалим боюнча сөз сүйлөйт


Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас Брюсселде Евробиримдикке кирген мамлекеттердин министрлеринин жыйынында сүйлөп жатат. 22-январь, 2018.
Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас Брюсселде Евробиримдикке кирген мамлекеттердин министрлеринин жыйынында сүйлөп жатат. 22-январь, 2018.

Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Иерусалим маселеси боюнча сөз сүйлөйт.

Бул тууралуу Кеңешке бир айга убактылуу төрагалык вазыйпасын алган Кувейттин БУУдагы элчиси Мансур ал-Отайби 1-февралдагы маалымат жыйынында билдирди.

Ал Кувейт Аббасты 20-февралда өтө турган Жакынкы Чыгыш боюнча жыйынга чакырганын кошумчалады.

Отайби Аббастын кайрылуусу Коопсуздук кеңешинин бардык мүчөлөрү үчүн пайдалуу жана маанилүү болоруна ишенерин айтты.

АКШнын президенти Доналд Трамп өткөн жылдын соңунда Вашингтон Иерусалимди Израилдин баш калаасы деп тааный турганын жарыялаган. Палестиндер Иерусалимди өзүнүн болочок мамлекетинин борбору деп эсептешет. Мындан улам араб дүйнөсүндө жана мусулман өлкөлөрүндө нааразылык демонстрациялары өткөн.

Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 21-декабрда көпчүлүк добуш менен Вашингтондун бул чечимин четке каккан. Жүз жыйырма сегиз өлкөнүн катарында резолюция долбоорун Кыргызстан да колдогон.

XS
SM
MD
LG