Линктер

шейшемби, 22-май, 2018 Бишкек убактысы 18:04

Ош шаарында шаардагы негизги деген көпүрөнүн алдында жайгашкан "Кремль" кафесинде өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, өрткө каршы күрөш кызматына Ош шаарында жайгашкан "Кремль" кафесинен өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпысынан төрт бөлүм тартылып, өрт саат 14:53тө толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен болжол менен 200 чарчы метр аянт күйгөн. Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда. Жабыр тарткандар жок. (ErN)

XS
SM
MD
LG