Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:27

Ачкачылык кармаган саясатчылардын сотуна дарыгерлер чакырылды


Соттук процесске дарыгерлер келген учур. Бишкек шаардык соту. 2-февраль, 2018-жыл.
Соттук процесске дарыгерлер келген учур. Бишкек шаардык соту. 2-февраль, 2018-жыл.

Камактагы оппозициячы саясатчылар Бектур Асановдун, Эрнест Карыбековдун жана Кубанычбек Кадыровдордун ишин карап жаткан Бишкек шаардык сотундагы процесске "Тез жардам" кызматы келди. Бул тууралуу Бектур Асановдун аялы Алтын Эркебаева билдирди:

- Алардын иши жабык сотто каралууда. Ачкачылык жарыялап жатканына карабай, алардын үчөөнү тең соттук отурумга алып келип, ишти кароону улантып жатат. Ортодо "Тез жардам" кызматы чакырылып, дарыгерлер сот залына кирип чыгышты. Сыягы, биринин абалы оор окшойт, ошону карап чыгышты. Биз дарыгерлерден “Абалы кандай экен, кимиси эмне болуптур?” деп сурасак, эч нерсе айтпай коюшту. Ошого биз алардын абалынан кабатыр болуп жатабыз.

Буга чейин камактагы оппозициячы саясатчылар өз укугу одоно тебеленип, жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилбей жатканын айтып, үч күн мурда ачкачылык жарыялашкан. Бектур Асанов менен Эрнест Карыбеков экөөнүн ден соолугу начарлап кеткени 31-январда маалым болуп, УКМКнын тергөө абагынан №47 колонияга которулганы айтылган. Натыйжада алардын 31-январга белгиленген соту 2-февралга калтырылган.

Үч саясатчы мамлекеттик төңкөрүш аракетине байланыштуу айыпталып кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 17-апрелде Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылдан эркинен ажыратууга өкүм чыгарып, булар менен чогуу айыпталып жаткан Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен.

2016-жылдын жазынан бери камакта отурган айыпталуучулар райондук соттун чечимине макул болбой, жогорку инстанцияга даттанышкан. Соттолуучулар өздөрү жана айрым жарандык активисттер алар саясий негизде камакка алынганын белгилеп келишет. (ErN)

XS
SM
MD
LG