Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:51

Сапар Исаков: санариптешүү боюнча Кыргызстан чоң секирик жасады


Премьер-министр Сапар Исаков Алматыдагы форумда. 2-февраль.
Премьер-министр Сапар Исаков Алматыдагы форумда. 2-февраль.

Премьер-министр Сапар Исаков “Таза коом” улуттук программасын ишке киргизүү менен Кыргызстан санариптешүүдө чоң секирик жасалганын билдирди. Ал мындай билдирүүсүн бүгүн, 2-февралда, Казакстандын Алматы шаарындагы “Ааламдашуу доорундагы санариптик күн тартип” эл аралык форумунда сүйлөп жатып айтты:

- Биз биометрикалык маалыматтарды киргизгенибизге байланыштуу секирик жасадык. Кыргызстандын 80% жакын жарандары биометрика тапшырышты. Тийиштүү түрдө бардык мамлекеттик тейлөө ошого байланыштырылып, мамлекеттик тейлөө порталында ар бир адамдын өзүнүн жеке кабинети болот. Ага жараша көптөгөн сандагы кагаз формасындагы маалымдамаларга муктаждык жоюлат. Натыйжада бизнес жана жарандар үчүн мамлекеттик тейлөөнүн сапаты жана ылдамдыгы жогорулатылат, - деди Сапар Исаков.

Өкмөтүнүн аппараты тараткан билдирүүгө ылайык, Исаков азыр Кыргызстанда мамлекеттик тейлөөнүн электрондук порталы иштеп жатканын, мында келечекте санариптик форматтагы 200 жакын тейлөө көрсөтүлөрүн билдирген.

Кыргыз өкмөт башчысы 1,5 жыл ичинде өлкөнүн жолдорунда коопсуздукту сактоо, кылмыштарды азайтуу жана кылмыштын бетин ачууну жакшыртуу үчүн Бишкек жана Ош шаарларында жана ири чоң унаа жолдорунда “Акылдуу шаар” долбоору ишке кирерин айтты.

Бүгүн премьер-министр Сапар Исаков Евразия экономикалык биримдигинин өкмөт аралык жыйынына жана “Ааламдашуу доорундагы санариптик күн тартип” форумуна катышуу үчүн Алматы шаарына барган. Форумга Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Өзбекстандын премьер-министрлери, Азербайжандын, Тажикстандын расмий делегациялары, ири IT компаниялардын өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер катышууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG