Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Бишкекте бокс боюнча Шопоков турнири өтүп жатат


Турнирден тартылган сүрөт.
Турнирден тартылган сүрөт.

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат.

Кыргызстандын бокс федерациясынын баш катчысы Бердалы Алымкуловдун айтымында, 31-январда башталган мелдештер 4-февралга чейин уланат. Анда Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнөн 146 мушкер күч сынашат. Алардын жетөө кыздар.

Эркектер арасында 10 салмак категориясында, кыз-келиндер арасында үч салмак категориясында байгелер ойнотулат. Финалдык таймаштар 4-февралда болот.

Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш быйыл 41-жолу уюштурулуп жатат. Мелдешти өткөрүү үчүн жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан 1 млн. 192 миң сом бөлүнгөн. (TSh\ECh\ErN).

XS
SM
MD
LG