Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Жер ортолук деңизинде кайык көмкөрүлүп, 90 киши чөгүп кетти


Мигранттарга толгон кайык. Сүрөт Жер ортолук деңизинде тартылган. 29-март, 2017-жыл.
Мигранттарга толгон кайык. Сүрөт Жер ортолук деңизинде тартылган. 29-март, 2017-жыл.

Жер ортолук деңизинде мигранттарды мыйзамсыз алып бараткан кайык көмкөрүлүп кетип, ичиндеги токсон киши чөгүп өлдү. Кырсык Ливиянын жээктеринен алыс эмес жерде болгон. Бул тууралуу 2-февралда Миграция боюнча эл аралык уюм кабарларды. Кырсыктан үч киши аман калган. Алар бийлик өкүлдөрүнө кайыктагылардын көбү пакистандыктар болгонун жана алар Италияга баратышканын айтышкан.

Эл аралык уюмдун билдиргенине ылайык, өткөн жылы Жер ортолук деңизинде Африка мамлекеттеринен жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн Европага кайык менен жол тарткан үч миңдей киши чөгүп өлгөн. 2017-жылы бул деңиз аркылуу Италияга аман-эсен жеткен мигранттардын саны 118 миң кишиден ашкан.

XS
SM
MD
LG