Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Салянованын иши боюнча соттук жыйын 5-февралга калды


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын иши боюнча Бишкек шаардык сотундагы процесс дүйшөмбү, 5-февралга жылдырылды. Бул тууралуу Салянованын адвокаты Чынара Жакупбекова “Азаттык” үналгысына билдирди.

Бүгүн сот саат 10:30дан кечки 20:00гө чейин уланды. Жараяндын башында адвокаттын проектор коюп, слайд көрсөтүү тууралуу өтүнүчүн сот четке каккан. Кийин сот түшкү танаписти бир саатка коюп, Жакупбекова баласын эмизип келүүгө үлгүрбөй калган. Иш убактысы бүткөнүнө карабай сот процессти улантып жаткандыктан адвокат саат бештерде сотко нааразылык билдирип, ишеним көрсөтпөө жөнүндө өтүнүч келтирди. Сот Ирина Воронцова аны канааттандырган жок.

Аида Салянова өзү процесстен кийин журналисттер менен кыскача маектешип, анын үстүнөн чечимди шашылыш чыгаруу аракети жүрүп жатканын билдирди.

Аида Саляновага каршы кылмыш иши былтыр жазында ачылган. Ал 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталууда.

Ишти Бишкектин Ленин райондук соту карап, 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Мурдагы башкы прокурор өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, муну “саясий буюртма” деп баалаган жана райондук соттун чечимине каршы доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган. (ErN)

XS
SM
MD
LG