Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

Сириядан кайтып келген тажиктер кайра кетип калышты


Согди облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Кудратулло Назарзода.
Согди облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Кудратулло Назарзода.

Тажикстандын Сирия жана Ирактагы согуш талааларынан кайтып келген отуз жараны бийлик аларга кечирим берген соң, кайра террордук топторго кошулуу үчүн өлкөдөн чыгып кеткен. Бул тууралуу 2-февралда Согди облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Кудратулло Назарзода билдирди.

Анын айтымында, соңку жылдары жалпысынан облустун 72 тургуну Сирия жана Ирактан кайтып келип, кылгандары үчүн өкүнүп жатканын билдиришкен. Бийлик аларга кечирим берген соң 38и жай жашоону тандап өз турмушун улантып жатса, калгандары кетип калган.

2015-жылы Тажикстандын Кылмыш кодексине чет жактардагы террордук уюмдардын катарынан чыгып, өз ыктыяры менен мекенине кайтып келген жарандарга бийлик тарабынан кечирим берүү мүмкүнчүлүктөрү каралган өзгөртүүлөр киргизилген.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Soufan Group аналитикалык компаниясынын маалыматына ылайык, Сирия менен Ирактагы "Ислам мамлекети" террордук топтун катарында 2016-жылдын июлуна чейин 1600 тажик жарандары кошулуп кеткен. Алардын көбүнүн андан берки тагдыры белгисиз.

XS
SM
MD
LG