Линктер

жекшемби, 19-август, 2018 Бишкек убактысы 06:47

Бишкекте белгисиз киши милиция кызматкерин атып кетти


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда милиция кызматкери белгисиз киши аткан октон жаракат алды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан "Азаттык" радиосуна билдиришти.

Маалыматка караганда, кол салуу 2-февралда түнкү саат 23:45 чамасында болгон. Бул маалда милиционер кызматтык милдетин аткарып жаткан. Жараат алган милиция кызматкери ооруканага жеткирилген. Азыр анын абалы тууралуу маалымат бериле элек. Чүй облусу менен Бишкекте кылмышкерди кармоо операциясы жүрүп жатканы кабарланды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG