Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

Чүйдө жана Жалал-Абадда жер титиреди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн эртең менен Чүй жана Жалал-Абад облусунда эки жолу жер титирөө болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, саат 9.44төгү Чүй облусундагы силкинүүнүн очогу Пригородное айылынан 13 чакырым түштүк-батышта, Арпа-Тектир айылынан 16 чакырым түштүк чыгышта, Токмок шаарынан 38 чакырым түштүктө жана Бишкек шаарынан 70 чакырым түштүк-чыгышта жайгашты. Анын күчү очогунда 3,5 балл болду. Пригородное айылында 3, Арпа-Тектир, Кегети, Кошой, Карагул жана Чоң-Жар айылдарында 2,5 балл сезилген.

Мындан көп өтпөй, саат 10.06 чамасында Жалал-Абад облусунда жер титирөө кайталанды. Үч баллга жеткен силкинүүнүн очогу Жаз-Кечүү айылынан үч чакырым түштүк-чыгышта, Кызыл-Үңкүр айылынан 10 чакырым түштүк-чыгышта, Көк-Жангак шаарынан 34 чакырым түштүктө жана Кара-Көл шаарынан 54 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Жер титирөө Жаз-Кечүү айылында 3 балл, Кызыл-Үңкүр, Ак-Булак жана Көк-Алма айылдарында 2,5 баллга сезилген. Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

XS
SM
MD
LG