Испан бийлиги орусиялык программист Петр Левашевди АКШга өткөрүп берди. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди. Кошмо Штаттар Левашевди киберчабуул боюнча айыптап жатат.
Программистке байланышкан АКШдагы биринчи сот Коннектикутта болуп, Левашев айыптоодо көрсөтүлгөн сегиз пункттун баарын четке какканын "РИА Новости" агенттигине адвокат Игорь Литвак маалымдады.
Петр Левашев былтыр апрелде Барселонада кармалган. Америка аны "спам тараткан вирусу бар компьютерлерди түзгөн жана аларды глобалдык түйүндө башкарган, интернет колдонуучулардын жеке маалыматтарын чогултуу менен зыяндуу программаларды жайылткан" деп айыптоодо.
Эгер ал күнөөлүү деп табылса, АКШда 50 жылдан ашык түрмөгө отурушу мүмкүн. Орусия былтыр августта программистке "Санкт-Петербургдагы медициналык окуу жайдын сайтын бузуп, маалыматтарга бөгөт койду" деген айып койгон.