“Умма” ислам журналы эл аралык жоолук күнүнө байланыштуу Бишкекте иш-чара уюштурду. Анда аялдарга пайдалуу кеңештер, жоолукту тыкан жана жарашыктуу салынуу, кол өнөрчүлүк боюнча акысыз мастер-класстар, сынактар өткөрүлдү. Уюштуруучулардын айтымында, муну менен элге жоолуктун исламдагы, аялзатынын жашоосундагы орду тууралуу маалымат берүү максат кылынууда.
Ошондой эле жоолук салынган кыздардын көйгөйлөрү, алар тууралуу коомдо калыптанып калган ой-пикирлерди жокко чыгарууга чакырык ташталды. Кыз-келиндерди үй-бүлө, карьера, ден соолук, сулуулук темаларында диалогго чакыруу да мерчемделген.
Дүйнөлүк жоолук күнү 2014-жылдан бери 1-февралда белгилене баштаган. Демилге АКШнын Нью-Йорк шаарынын тургуну Назма Ханга таандык. Ал эми Кыргызстанда төртүнчү жолу белгиленүүдө.
1-февралда Ош шаарында да ушундай иш-чара өткөрүлгөн. (AiA/NT)