Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 12:13

Чүй облустук сотунун судьялары дайындалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков "Чүй облустук сотунун судьяларын дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, Сотторду тандоо кеңеши буга чейин сегиз талапкер боюнча сунуш берген. Жээнбеков талапкерлер менен 26-январда аңгемелешкен. Анын жыйынтыгын жана башка кошумча материалдарды эске алуу менен президент сунушталгандардын ичинен алты судьянын талапкерлигин жактырды. Ал эми эки талапкер боюнча материалдарды Сотторду тандоо кеңешине кайтарды.

Натыйжада, 3-февралда жергиликтүү соттордун судьяларына талапкерлер жана Чүй облусунун сотунун иштеп жаткан айрым судьялары боюнча жарлыктарга кол коюлду. Биринчи жарлык менен Чүй облустук сотунун 11 судьясынын ыйгарым укуктары 23-январдан тартып токтотулду.

Экинчи жарлык менен алты талапкер - Азамат Жумагулов, Кыдык Жунушпаев, Гүлназ Кадырова, Дамирбек Оңолбеков, Улан Садырбеков Садырбеков жана Асел Чекирова Конституцияда көрсөтүлгөн мөөнөткө Чүй облустук сотунун судьялары болуп дайындалды. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG