АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис украиналык кесиптеши Степан Полторак менен 2-февралда Пентагондо кездешти. Американын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, сүйлөшүүдө негизинен танкка каршы Javelin ракеталык комплексин Украинага берүү тууралуу сөз болду. Бул комплекс Украинага качан берилет деген суроого Полторак аларды өткөрүп берүү чечими "өз убагында" кабыл алынат деген жооп кайтарды. Ал ошондой эле танкка каршы ракеталык комплекстин берилиши "Украина Орусия менен бетме-бет, жалгыз калбаганын күбөлөндүрөт" деп кошумчалады.
Өз кезегинде Мэттис Кошмо Штаттар Орусияга Украинадагы агрессияга байланыштуу басым көрсөтүүнү улантарын белгиледи.
АКШ Украинага "өз эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо үчүн" курал-жарак берерин былтыр декабрда Мамлекеттик департаменттин өкүлү Хизер Нойерт билдирген. Ошол кезде америкалык ABC телеканалы Украинаны курал менен камсыздоо 47 миллион долларга бааланганын жана анда 210 ракета, 35 ракеталык курал бардыгын кабарлаган. Январда Украина Javelin комплексин кабыл алууга даярдыгын жарыялады. Алар Украинага качан жеткирилери азырынча белгисиз. АКШнын Украинадагы атайын өкүлү Курт Волкердин айтымында, бул куралдар Донбасстагы кол тийбестик линиясында колдонулбайт.
Украинанын чыгышындагы конфликт 2014-жылдан бери уланууда. Андан бери 10 миңден ашык кишинин өмүрү кыйылды, анын үч миңдейи жай тургундар. Расмий Киев жана Батыш жикчилдерди колдоду деп Орусияны күнөөлөп, Москвага экономикалык санкция киргизген. Кремл болсо өз дарегине айтылгандарды четке кагып келет.