Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

Өзбекстанда журналист Саидов түрмөдөн чыкты


Дилмурод Саидов.
Дилмурод Саидов.

Өзбекстанда тогуз жыл мурда камакка алынган укук коргоочу жана көз карандысыз журналист Дилмурод Саидов эркиндикке чыкты. Бул тууралуу анын туугандарына шилтеме берүү менен ташкенттик журналист Абдурахман Ташанов "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына кабарлады. Анын айтымында, Саидов Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин Жазаларды аткаруу башкармалыгынын 64/51 колониясынан 3-февралда чыккан.

Маалыматка караганда, журналист түрмөдөн Каршы райондук сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

56 жаштагы Дилмурод Саидов 2009-жылдын 22-февралында кармалган. Аны менен кошо дагы үч кишиге "алдамчылык кылган жана документтерди жасаган" деген айып тагылган. Көп өтпөй Тайлак райондук соту Саидовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. 2010-жылдын 10-августунда Өзбекстандын Жогорку соту бул чечимди күчүндө калтырган.

2013-жылы Навои шаарындагы 64/36 колониясында жазасын өтөп жаткан Саидов "Эзгулик" укук коргоо коомуна кат жазып, түрмөдө кыйноого кабылганын, ырлары менен баяндарын алып коюп жатышканын айткан. Ошол жылдын 6-мартында ден соолугу начарлап, Ташкенттеги №18 колонияга, алты айдан кийин Каршы шаарындагы №49 абакка которулган.

Түрмөгө түшкөнгө чейин Саидов бир катар интернет басылмалар менен кызматташып, Өзбекстандын экономикалык-социалдык абалын сындаган аналитикалык макалаларды жазып турган.

2009-жылы Саидов соттолгондон кийин анын 34 жаштагы аялы Барно Жуманова менен беш жашар кызы Рухшона автокырсыктан каза тапкан. 2014-жылы карыган энеси да кайтыш болгон.

XS
SM
MD
LG