Кыргызстанда 5-февралда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...-5;
Таласта түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...-5;
Ош жана Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5;
Баткенде түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -9...-14, күндүз -2...+3;
Нарын облусунда түнкүсүн -22...-27, күндүз -7...-12.
Бишкекте 5-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -8...-10, күндүз 0...-2 градус суук болот.