Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:48

Футзал: Азия чемпиондугунда Кыргызстан Иорданияны жеңди


Кыргызстан (ак кийимчен) менен Иорданиянын футзал боюнча командалары оюн алдында. 4-февраль, 2018-жыл.
Кыргызстан (ак кийимчен) менен Иорданиянын футзал боюнча командалары оюн алдында. 4-февраль, 2018-жыл.

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы ушул күндөрү Кытай Тайбэйинде өтүп жаткан Азия чемпиондугунун тайпалык оюндарында Иордания командасын 3:1 эсебинде жеңип алды. Футбол федерациясынан билдиришкендей, Кыргызстандын эсебине таандык голдорду Максат Алимов, Манас Абдрасул уулу жана Адилет Иманбеков киргизди.

Азия чемпиондугунун тайпалык тандоо оюндарында Кыргызстан D тобунда Ливан, Иордания жана Тайланд курама командалары менен ойнойт.

Буга чейин 1-турда кыргыз футзалчылары 2:2 эсебинде тең чыгышкан. Эки оюндан кийин төрт упайга ээ болгон Кыргызстандын командасы азырынча өз тобунда алдыңкы катарда турат.

6-февралда Тайланд курама командасы менен беттешмекчи. Тайпада алдыңкы эки орунду ээлеген командалар плей-оффко жолдомо алат.

XS
SM
MD
LG