Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Түндүк Корея спикери баштаган делегация Түштүк Кореяга келет


21-январда Сеулга келген түндүк кореялык маданий топ
21-январда Сеулга келген түндүк кореялык маданий топ

Түндүк Кореянын (Корея Элдик Демократиялык Республикасынын) парламентинин төрагасы Ким Өң Нам баштаган делегация 9-февралда Сеулга келүүнү пландоодо. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Биригүү министрлиги жекшембиде билдирди.

Маалыматка караганда жогорку даражадагы делегация мүчөлөрү үч күн конок болушат.

Буга чейин Пхеньян 22 спортчусун Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтүүчү Кышкы Олимпиадага жиберген. Оюндар 9-февралда расмий ачылып, 25-февралга чейин созулат.

Ал ортодо Сеул боордош эки өлкө ортосунда сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү көздөөдө. Эки өлкө ортосунда сүйлөшүүлөр 2015-жылдан бери таптакыр үзүлүп, быйыл январдан тарта кайра жанданган. Ошондон бери эки тараптын төмөнүрөөк чиндеги кызмат адамдары бир нече ирет жолукту.

Ага чейин Түндүк Корея өзөктүк жана баллистикалык куралдарын байма-бай сынап, коңшуларын, дүйнөлүк коомчулукту коркутуп келди.

XS
SM
MD
LG