Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:00

Абактагы оппозициячылардын жакындары №47 колониянын алдына акцияга чыгышат


Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов.
Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов.

“Саясий туткундарды коргоо комитети” бейөкмөт уюмунун мүчөсү Таалай Мадаминовдун “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, активисттер, абактагы саясатчылардын жакындары, тарапкерлери Бишкектеги №47 колониянын алдына барып, алардын абалы тууралуу маалымат берүүнү талап кылышат. Ошондой эле акцияга чыккандар камактагы үч саясатчыны “кургак ачкачылыкты” токтотууга чакырышат.

Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси, "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен камакта отурган Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков укуктары одоно тебеленип, жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилбей жатканына каршылык иретинде жана УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматттан кетишин талап кылып, 30-январдан тартып "кургак ачкачылык" жарыялашкан. Алар УКМКнын тергөө абагынан №47 колонияга которулганы айтылган. 2-февралда туугандары алар ачкачылыкка карабай сотко жеткирилгенин билдиришкен.

Сотто Бектур Асановдун "кургак ачкачылык" кармоону үчөө тең акырына чейин улантарын айтканы жазылган аудиосу Интернетке тарады.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан ачкачылык кармагандардын абалы тууралуу маалымат алууга мүмкүн болбой жатат. УКМК да Бектур Асановдун сотто айткандары боюнча комментарий бере элек.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 17-апрелде Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылдан эркинен ажыраткан. Булар менен кошо айыпталган Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилип, үй камагына алынган. Укук коргоо органдары алардын айыбы далилденди деп билдирген. Саясатчылар соттун чечимине макул болбой, шаардык сотко арызданышкан. Райондук сот да, шаардык сот да бул ишти жабык териштирүүдө. (NT)

Таалай Мадаминов менен маекти бул жерден угуңуз:

Абактагы саясатчылар ачкачылыкты улантууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:07 0:00

XS
SM
MD
LG