Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 22:36

АКШда темир жол кырсыгы эки кишинин өмүрүн алды


Темир жол кырсыгы болгон жер. АКШ, Түштүк Каролина. 4-февраль, 2018-жыл.

АКШда поезддердин кагылышуусунан эки киши мүрт кетип, 70 адам түрдүү жаракат алды.

Кырсык Түштүк Каролина штатында, Колумбия шаарына жакын жерде 4-февралда жергиликтүү убакыт боюнча таңга маал саат 2.35 чамасында болгон. 139 жүргүнчү түшкөн "Amtrak" поезди Нью-Йорктон Майамиге бараткан жолдо жүк ташыган поезд менен кагылышып, рельстен чыгып кеткен.

Бул - акыркы айларда АКШдагы темир жолдордо катталган үчүнчү кырсык. Былтыр декабрда Вашингтон штатында жүргүнчү поезди рельстен чыгып, үч киши каза болгон. Январдын этегинде АКШ Конгрессинин өкүлдөрү түшкөн "Amtrak" поезди Виржиния штатында таштанды ташыгыч автоунаа менен кагылышкан.

XS
SM
MD
LG