Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

Араванда кудукка түшүп кеткен наристе каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Араван районунда төрт жашар кыз кудукка түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Окуя райондун Төбө-Коргон айылынын Уйгур-Абад кыштагында болгон. Көчөдөгү чуңкурга наристе ойноп жүрүп түшүп кеткен деп болжолдонууда. ӨКМдин №64 куткаруу кызматынын куткаруучулары барып чыгарган учурда кыз чарчап калганы аныкталган.

Окуянын башка жагдайлары иликтенүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG