Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Президент Жээнбеков 24.kg агенттигине каршы доосунан баш тартты


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков 24.kg маалымат агенттигине каршы 5 миллион сомдук айыппул өндүрүү талабынан баш тартты.

Мындай маалыматты агенттиктин негиздөөчүсү Асел Оторбаева “Азаттык” радиосуна ырастады. Анын айтымында, президент Жээнбеков Бишкектин Свердлов райондук сотунун сот аткаруучулар кызматына кайрылып, агенттиктен талап кылган 5 миллион сомдук доосунан баш тартаарын билдирген.

Анын негизинде иш кыскартылган. Сот аткаруучулар бул боюнча 24.kg агенттигине маалымат берген.

Бирок президент ушул эле сайтка чыккан макаланын автору, журналист Кабай Карабековдон 5 миллион сом өндүрүү боюнча арызын чакыртып алган эмес.

“Азырынча маалымат агенттиги төлөй турган айыппулдан гана баш тартты”, - деп билдирди Асел Оторбаева.

Былтыр сентябрда "24.kg" сайтына Кабай Карабековдун "Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат" деген макала чыккан. Ошол учурда президенттикке талапкер болгон Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы макаланы "ушак жана жалган жалаа" деп сыпаттап, сотко кайрылган.

Доочу моралдык зыян катары макаланын автору Кабай Карабеков менен "24.kg" агенттигинин ар биринен 5 миллион сомдон өндүрүүнү талап кылган. Свердлов райондук соту Жээнбековдун штабынын талабын канааттандырган. (BkA)

XS
SM
MD
LG