Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Бишкек ЖЭБи боюнча депутаттык комиссия ишин баштай элек


Бишкек жылуулук электр борбору.
Бишкек жылуулук электр борбору.

Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо жана андагы кырсыктын чоо-жайын иликтөө боюнча депутаттык комиссия ишин баштай элек.

Бул тууралуу ушул комиссиянын мүчөсү, КСДП фракциясынын депутаты Аида Касмалиева “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, өткөн аптада түзүлгөн комиссия жыйынга чогула элек.

- Депутаттык комиссия ушу аптада ишин баштамак. Бирок бул жумада шайлоочулар менен иштеш үчүн аймактарга кетишти. Ошондуктан кийинки аптадан тартып ишин башташы мүмкүн, - деди Касмалиева.

Депутат комиссия эркин эксперттерди тартуу менен Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялаш үчүн Кытайдан алынган 386 миллион доллардын сарпталышын жана ЖЭБдеги кырсыктын чоо-жайын иликтей тургандыгын кошумчалады.

26-январдан тартып Бишкек жылуулук электр борборундагы суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, борбордогу көп кабаттуу үйлөр жылуулуксуз калган.

Жаңыдан эле оңдолгон жылуулук борборунун катуу суукка туруштук бере албай иштен чыгышын андагы адистер эски блоктогу насостордун бузулушу менен байланыштырган.

Бул жагдай кышка карата даярдыктын начардыгына, жылуулук берүү борборун оңдоп-түзөөгө кеткен каражаттын сарпталышына байланышкан маселени күн тартибине чыгарган. (BkA)

XS
SM
MD
LG