Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

Абактагы саясатчылардын тарапкерлери акцияга чыкты


№47 абактын алдына акцияга чыккандар.
№47 абактын алдына акцияга чыккандар.

Бишкектеги №47 абактын жанында абактагы саясатчылардын тарапкерлери нааразылык акциясын өткөрүүдө. Акцияга чыккан 20га чукул адам ачкачылык кармап жаткан Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбековдун укуктары одоно бузулуп жатканын айтып, алардын абалы боюнча маалымат берүүнү түрмө жетекчилигинен талап кылууда.

Акцияга чыккандар камактагы үч саясатчыны “кургак ачкачылыкты” токтотууга чакырышты.

"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен камакта отурган Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков укуктары одоно тебеленип, жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилбей жатканына нааразы. Ошондой эле алар УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылып, 30-январдан тартып "кургак ачкачылык" жарыялашкан. Алар УКМКнын тергөө абагынан №47 колонияга которулганы айтылган. 2-февралда туугандары ачкачылык кармаганына карабай алар сотко жеткирилгенин билдиришкен.

Сотто Бектур Асановдун "кургак ачкачылык" кармоону акырына чейин улантарын айтканы жазылган аудио Интернетке тарады.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 17-апрелде Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылдан эркинен ажыраткан. Булар менен кошо айыпталган Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилип, үй камагына алынган. Укук коргоо органдары алардын айыбы далилденди деп билдирген. Саясатчылар соттун чечимине макул болбой, шаардык сотко арызданышкан. Райондук сот да, шаардык сот да бул ишти жабык териштирүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG