Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

АКШнын мамкатчысынын өкүлү Бишкекке келди


Генри С. Эншер.
Генри С. Эншер.

АКШнын мамлекеттик катчысынын Ооганстан жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Генри С. Эншер Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Генри С. Эншер Кыргызстандын өлкө жетекчилери, парламент депутаттары жана жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле ал АКШ өкмөтү каржылаган алмашуу долбоорлорунун бүтүрүүчүлөрү менен жолугат.

Элчилик Мамдепартамент өкүлүнүн иш сапарынын максаты - кыргыз бийлиги көздөгөн багытты жакшылап түшүнүп, орток кызыкчылыктар болгон тармактардагы маселелерди талкуулоо экенин билдирди.

2015-жылы кыргыз өкмөтү АКШ менен 1993-жылы кабыл алынган кызматташтык тууралуу келишимди бир тараптуу жокко чыгарган. Бул эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин солгундашына алып келген. Буга чейин өлкөнүн бийлиги Кыргызстан - АКШ кызматташтыгы боюнча жаңы келишим даярдалып жатканын билдирген. Бирок ал качан кабыл алынары азырынча белгисиз. (BkA)

XS
SM
MD
LG