Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

Адвокат Салянованы актоону соттон суранды


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үстүнөн соттук жараян уланууда. Анда жарыш сөз жүрүп жатат.

Салянованын адвокаты Чынара Жакупбекова депутатка карата Бишкектин Ленин райондук соту мыйзам бузуу менен чечим чыгарганын билдирди. Адвокаттын айтымында, сот иштеги башкы күбө баш болуп Салянованын пайдасына көрсөтмө бергенине карабай туруп чечим чыгарган. Буга байланыштуу Чынара Жакупбекова ишти карап жаткан Бишкек шаардык коллегиясынан депутатты актоону өтүндү.

Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда Аида Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Буга макул болбогон депутат доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган.

Депутат Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG