Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

УКМК психотроптук заттарды ташыган топ кармалганын кабарлады


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстанга Европадан ири көлөмдөгү психотроптук заттарды ташыган топтун мүчөлөрү кармалганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, маңзат каналынын уюштуруучусу жана аны өлкө аймагында тараткандар кармалган. Алардан ири өлчөмдөгү “экстази” деп аталган психотроптук зат алынды.

Бул топ Европа өлкөлөрүнөн Борбор Азияга башты маң кылчу заттарды ташып келип, сатып турган. Факт боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө башталды.(BkA)

XS
SM
MD
LG