Түндүк Корея Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтүүчү кышкы Олимпиадага өлкө парламентинин төрагасы Ким Ён Нам жетектеген делегациясын жөнөтөт. Түштүк Кореянын Биригүү иштери боюнча министрлиги жекшембиде кабарлагандай, Түндүк Кореянын 22 кишиден турган делегациясы Түштүк Кореяга 9-февралда келип, үч күн жүрөт.
Былтыр Түндүк Кореянын тынымсыз ракета сыноолору Корей жарым аралындагы чыңалуунун жаңы толкунун жараткан эле. Сеул Пхеньяндан келген делегация менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү турат.
Пхеньян Пхёнчхан оюндарына 22 спортчусун жөнөтмөй болгон. Кышкы Олимпиаданын ачылыш аземи 9-февралда өтүп, оюндар 25-февралга чейин созулат.