Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Азербайжанда президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтмөй болду


Азербайжандын президенти Илхам Алиев.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев.

Азербайжанда 17-октябрга белгиленген президенттик шайлоо 11-апрелде өтмөй болду. Президент Илхам Алиевдин мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу жарлыгы 5-февралда жарыяланды. Президенттин администрациясы мындай чечим Конституциянын жана Шайлоо кодексинин алкагында кабыл алынганын билдирди.

Азербайжан 2016-жылдын сентябрь айындагы референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүү киргизген. Ага ылайык президент Алиев кезексиз шайлоо жарыялоо укугуна ээ болгон. Декабрь айында Шайлоо кодексине да "кезексиз шайлоо кеминде 60 күн мурда жарыяланышы керек" деген өзгөртүү киргизилген.

Алиев эмне себептеп мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү чечкени азырынча белгилүү боло элек.

XS
SM
MD
LG