Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Активист: Ачкачылык кармаган саясатчылардын абалы начарлап жатат


Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров.
Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров.

Абактагы ачкачылык кармап жаткан саясатчы Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун абалы начарлап жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын тарапкерлеринин бири, жарандык активист Сапарбек Аргынбаев билдирди. Анын айтымында, бүгүн саясатчылардын адвокаттары абакка кирип, абалы менен таанышып чыкты.

- Бектур Асанов 3-4-февраль түнү эсин жоготкон экен. Азыр да абалы оор болуп турат. Ал эми Кубанычбек Кадыровдун кан басымы жогорулап, дарыгерлер инфаркт алуу коркунучу жогору экенин айтышууда, - деди Аргынбаев.

Жарандык активист саясатчылар жакындарынын ачкачылыкты токтотуу боюнча суранычтарына көнбөй, нааразылык акциясын өз талаптары аткарылмайынча улантууну көздөп жатышканын кошумчалады.

Бирок Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү ачкачылык кармаган саясатчылардын саламаттыгы көзөмөлдө экенин жана учурда канааттандырарлык экенин билдирди.

"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен камакта отурган Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков укуктары одоно тебеленип, жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилбей жатканына нааразы. Ошондой эле алар УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылып, 30-январда "кургак ачкачылык" жарыялашкан. Алар УКМКнын тергөө абагынан №47 колонияга которулганы айтылган. 2-февралда туугандары ачкачылык кармаганына карабай алар сотко жеткирилгенин билдиришкен. (BkA)

XS
SM
MD
LG