Эл аралык Олимпиада комитети Спорттук арбитраждык соттон акталып чыккан 28 орусиялык спортчулар менен машыктыруучулардын 15ин Пхёнчхандагы кышкы Олимп оюндарына чакыруудан баш тартты.
Комитеттин сайтындагы маалыматка ылайык, мындай чечим чакырууларды карап чыккан топтун сунушунун негизинде кабыл алынган. Акталганына карабай, Олимпиадага катышууга уруксат албаган 15 орусиялыктын арасында эки машыктыруучу бар.
Орусиялык 28 спортчу жана машыктыруучу "кызытма колдонду" деген жүйө менен өмүр бою спорттон четтетилишкен. 1-февралда Спорттук арбитраждык сот алардын допингге аралашканы тууралуу "жетиштүү далилдер жок" деген бүтүмгө келип, мындай чектөөнү алып салган.