Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качып бажы кызматкерлерине ири өлчөмдө пара сунуш кылган төрт чет өлкөлүк жаранды кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөр Кыргызстандын аймагында тамекинин “жалган транзити” менен алектенип, жасалма документтерди толтуруп жүрүшкөн.
Бул белгилүү болгон соң алар бажы кызматкерлерине 138 миң доллар жана 100 миң евро пара сунуш кылышкан. Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу“, “Пара берүү” жана “Кызмат абалынан ашыкча пайдаланууга түртүү” беренелеринин негизинде иш козголду.
УКМК кармалгандар кайсы өлкөнүн жарандары экенин так көрсөткөн жок.(BkA)