Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:41

Ооганстанда аялды токмоктоо боюнча жети киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ооган бийлиги "күйөөсүнөн башка эркек менен мамиле курду" деп, 22 жаштагы келинди катуу сабаган 7 киши кармалганын билдирди. Тахар провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Сунатуллах Темор кармалгандардын баары аялдын жакын туугандары экенин кабарлады.

Паранжы кийген келинди ондогон эркектер таяк менен сабап жатканы тартылган видео өткөн аптада социалдык тармактарга тарап кеткен. Окуя декабрь айында Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Тахар провинциясынын Чах Ааб районундагы алыскы айылда болгону айтылган.

Күбөлөрдүн айтымында, келинди жазалоо жөнүндө чечимди жергиликтүү имамдар кабыл алышкан.

Ооганстанда аялдар ташбараңга алынган учурлар токтой элек. 2015-жылдын март айында 27 жаштагы Фархунда Маликзадени жоон топ эркек өлтүрө сабап койгон. Мындай окуялар өлкөнүн ичинде да, чет өлкөлөрдө да кескин айыпталып келет.

XS
SM
MD
LG