Тогуз жылдан кийин түрмөдөн чыккан өзбекстандык журналист жана укук коргоочу Дилмурод Саидов абакта жатканда кыйноого кабылганын билдирди. Маркум Ислам Каримов Өзбекстанды башкарып турганда камакка алынган 56 жаштагы журналист 3-февралда бошотулган.
"Тогуз жылда психологиялык жана физикалык кыйноо сыяктуу түрдүү басымга туш болдум", - деди Саидов "Азаттыктын" өзбек кызматы менен маегинде.
Саидов 2009-жылы көз боёмочулук айыптары боюнча кармалып, кийинчерээк 12,5 жылга түрмөгө кесилген. Ал президент Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин эркиндикке чыккан, "саясий туткун" деп мүнөздөлгөн ондогон активисттердин бири болуп калды.
Эркин журналист Саидов Ташкенттеги "Эзгулик" укук коргоо уюмунун мүчөсү болчу. Ал камалганга чейин Өзбекстандагы экономикалык жана социалдык абалды сындаган макалаларды жазып жүргөн.
Бийликтин дооматтарын четке каккан Дилмурод Саидов тогуз жыл бою өзүнө колдоо көрсөткөн активисттер менен журналисттерге ыраазычылык билдирип, толук акталып чыгууга аракет кылаарын кошумчалады.