Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:32

Трамптын сый тамагына Кыргызстандан үч депутат катышат


Доналд Трамп.
Доналд Трамп.

Жогорку Кеңештин депутаттары Осмонбек Артыкбаев (КСДП фракциясы), Таалайбек Масабиров жана Алмазбек Баатырбеков ("Кыргызстан” фракциясы) АКШнын президенти Доналд Трамптын жыл сайын уюштурулчу атайын сый тамагына катышат.

Бул тууралуу Осмонбек Артыкбаев “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, кыргыз парламентарийлери катышкан сый тамак 9-февралда Вашингтондо өтөт.

АКШ президентинин атынан берилчү сый тамак - 1953-жылдан бери жыл сайын өтүп келген расмий эмес иш-чара.

Кошмо Штаттардын президенти катышкан бул иш-чарада 3 миңден ашык ар кыл өлкөлөрдүн өкүлдөрү даам сызат.

Трамптын сый тамагына Кыргызстандан барчу депутаттарды Жогорку Кеңеш сунуш кылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG