Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Түрк президенти Ватиканда Рим папасы менен жолукту


Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган.
Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-февралда Рим папасы Франциск менен Ватиканда жолукту. Түрк лидеринин иш сапарын утурлай Ватиканда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Римдин борбордук бөлүгүндө ар кандай акцияларды уюштурууга тыюу салынды.

Эрдоган менен Рим папасы АКШнын президенти Доналд Трамптын Иерусалимди Израилдин баш калаасы деп тааныган чечиминин кесепеттерин талкуулашы күтүлүүдө.

Эрдогандын администрациясы тараткан билдирүүгө ылайык, жолугушууда Сириядагы кырдаал, качкындар кризиси, террорчулук сыяктуу башка маселелер да талкууланат.

Эрдоган - дээрлик жарым кылымдан бери Ватиканга мамлекеттик иш сапары менен келген биринчи түрк президенти.

Папа Франциск менен Эрдоган соңку ирет 2014-жылы Түркияда жолугушкан. Түркия менен Ватикандын алакасы 2016-жылдан бери анча жакшы болбой келген. Буга Рим папасынын Осмон империясынын тушунда армяндардын кыргынга кабылышын "геноцид" деп айтканы себеп болгон.

Түркия 100 жыл мурунку окуяга “кыргын” сөзүн колдонот, “геноцид” деп айтууга каршы болуп келет.

XS
SM
MD
LG